Прокурордук чара көрүүнүн негизинде бюджетке 12,2 млрд сом кайтарылды

17 апреля 2024, 14:08

2023-жылы мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында 12,2 млрд сом түшкөн. Бул каражаттар прокурордук чара көрүүнүн негизинде бюджетке кайтарылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

Анын ичинен 738 млн сомдон ашык акчалай түрдө, 11 млрд сомдон ашык каражат натуралай түрдө түштү.

Курманкул Зулушев прокуратуранын ишинин жыйынтыгы менен мыйзамсыз менчиктештирилген 21 социалдык объект мамлекетке кайтарылганын белгиледи.