Рамазан айынын урматына MegaCom'дон 30 түн акысыз Интернет

14 апреля 2021, 11:39

Рамазан айынын аягына чейин MegaCom компаниясы абоненттерге 00:00дөн 08:00гө чейин жогорку ылдамдыктагы «Чектөөсүз түн» тарифтик опциясын жеткиликтүү кылат. Ошондой эле, түйүн ичинде акысыз чалууларды жүргүзүп, SMS жиберүү мүмкүнчүлүгү да бар.

Акция 13-апрелден 12-майга чейин бардык абоненттер үчүн жеткиликтүү болот (анын ичинде бул опцияны мурдатан колдонуп келген абоненттер үчүн дагы)*.

«Чектөөсүз түн» тарифтик опциясын *091*1# USSD-буйруусун терип кошуп алууга болот. Эске сала кетсек, Орозо айы бул жылы 13-апрелде башталып, ыйык Рамазан айы старт алды.

2021-жылдын 13-майынан баштап «Чектөөсүз түн» тарифтик опциясынын абоненттик төлөмүнүн наркы мурдагыдай эле күнүнө 5 сомду түзмөкчү.