Мамлекеттик казынадан медиктерге компенсациялык төлөмдөр үчүн кошумча 430 млн сом бөлүндү
Республикалык бюджеттен медициналык кызматкерлерге компенсациялык төлөмдөр үчүн кошумча 430 млн сом бөлүндү. Анда оорунун очогу жайгашкан аймактарда иштөөгө тартылган жактарга да кенемте төлөнөт. Бул тууралуу бүгүн, 6-августа Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
- Саламаттык сактоо министрлигине 30 млн сом суммасында;
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 400 млн сом суммасында каражат бөлүү тапшырылды.