2020-жылы республиканын бюджеттик кирешеси 163 млрд сомду түзүшү мүмкүн
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-январда, КР финансы министри Бактыгүл Жеенбаеваны кабыл алды.
Финансы министри Бактыгүл Жеенбаева маалымдагандай, 2019-жылдын январь–декабрь айларында Мамлекеттик бажы кызматынан түшкөн каражат 43 млрд сомду түзүп, 2018-жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 1 624,4 млн сомго көп болгон.
Мамлекеттик салык кызматынан түшкөн киреше 62 млрд сомду түзүп, 2018-жылдын көрсөткүчүнө караганда 567,8 млн сомго өскөн.
2019-жылдагы расмий которуулардын көлөмү 13 млрд сомду түзүп, 2018-жылга салыштырмалуу 4 059,3 млн сомго көбөйгөн.
Министр 2020-жылда республикалык бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 163 млрд сом деп пландалып жатканын билдирди.