Республикалык олимпиаданын жыйынтыгы боюнча 52 окуучу жеңүүчү болду
Бишкекте мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын жабылыш аземи болду. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, сынак 12 окуу предметинен өткөрүлүп, ага республиканын бардык аймагынан олимпиаданын III (облустук) этабында 1-2-орундарды ээлеген 323 окуучу катышты.
Анын жыйынтыгы боюнча 52 окуучу жеңүүчү деп табылды.
Байге ээлерине министрликтин диплому жана бирден планшет тапшырылды.