Республикалык штаб: Медициналык мекемелердин курулушун жана жабдууларды алуу процессин тездетүү тапшырмасы берилди

11 августа 2020, 16:24

Ооруканаларга жабдууларды, дары-дармектерди сатып алууну жана медициналык мекемелердин курулушун ишке ашырууну тездетүү керек. Бул тапшырманы Республикалык ыкчам штабдын жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилерине берди.

Жаңы ооруканаларды куруу жана медициналык мекемелерге ыңгайлаштырып жасалып жаткан объекттерди оңдоп-түзөө, муну менен катар жүргүзүлүп жаткан иштерди каржылоо маселелери талкууланды.

Штабдын отурумунда көпчүлүк жарандар коомдук жайларда санитардык-гигиеналык талаптарды сактабай жатканы айтылды. Жергиликтүү бийлик органдарына санитардык нормаларды сактоону катуу көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди.