Резидент эмес чет элдик валютанын көлөмү 523 млн сомго жогорулады
Кыргызстандагы банктардагы резидент эместердин салымы 12.2 млрд сомго жетти. Анын ичинен 9.4 млрд сом чет элдик валютадагы салымдар. Тиешелүү маалымат 2021-жылдын январь-февраль айларындагы банктык эсептерден алынды, деп билдирет Улуттук банк.
2021-жылдын резидент эмес чет элдик салымдардын көлөмү 523 млн сомго жогорулады. Салымдын басымдуу бөлүгү талап боюнча ачылган, жалпы көлөмү – 4 млрд сомду түзөт. Андан соң ыкчам салымдар – 3.6 млрд сом түзөт.
Эсептерде салымдардын көлөмү 1.8 млрд сомду түздү, бир айда анын көлөмү 120 млн сомго кыскарды.