Россияда насыя карталары боюнча лимиттин көлөмү төмөндөтүлдү

21 января 2021, 14:30

Россия Федерациясынын банктары насыя карталары боюнча насыянын лимитин 65.4 миң рублга чейин төмөндөттү. Бул акыркы 4 жыл ичиндеги лимиттин минималдуу көлөмү болуп эсептелинет. Бул тууралуу Forbes билдирет.

2020-жылдын декабрь айында насыя картасы боюнча орточо лимит 65.4 миң рублду түзгөн. Бир жыл мурун бул көлөм 73.8 миң рублга бааланган. Лимиттин азыркы көлөмү - 2017-жылдан берки минималдуу болуп эсептелинет.

Сбербанк, ВТБ, Райффайзенбанк, Почта Банк жана «Хоум Кредит» банктар, декбрда берилген насыялар боюнча лимит төмөндөтүлбөгөндүгүн билдиришти.

Кошумчалай кетсек, БКИ «Эквифакстин» башкы дииректору Олег Лагуткин, бир жыл бою насыя боюнча лимиттин көлөмү жогорку деңгээлде болуп келгенин, төмөндөө Жаңы Жыл алдында башталгандыгын белгилеп кетти.