Россия Кыргызстанга баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө 5,2 млн доллар бөлдү
Россиянын өкмөтү Кыргызстанга баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө деп кайтарымсыз негизде 5,2 млн доллар бөлдү. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жардам 2021-2022-жылдары Кыргызстандын ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматына көрсөтүлөт.