Россия менен Кыргызстандын өз ара соодасынын 40 пайызын доллар түзөт

1 марта 2021, 10:20

Валюта тармагындагы кызматташууну бекемдөө — евразиялык экономикалык интеграциянын Декларациясында бекитилгендей эле, ЕАЭБдин бирден бир интеграциялык максаттарынын бири. Ошондуктан биримдиктин ичиндеги соодада улуттук валютанын колдонуу масштабынын кеңейтилиши – жетишкендиктердин бири болуп саналат.

Акыркы беш жыл ичиндеги өз ара соодалашууда долларлашуунун көлөмү 2015-жылы 25% түзсө, 2019-жылы 19% төмөндөдү. Ал эми евронун үлүшү 7% түзөт.

«Муну менен катар өз ара соодалашууда орусия рублунун үлүшү 2015-2019-жылдары дээрлик 70% түзгөн. Ал эми теңгенин үлүшү 2% түзөт», ‎— деп белгилешти Евразия өнүктүрүү банкынын аналитиктери.

Евразия экономикалык биримдиктеги өз ара соодалашуудагы рублдун үлүшү олуттуу, ошол эле учурда Кыргызстанда рублду кеңири масштабда колдонуу мүмкүнчүлүктөр бар. Товар жүгүртүүнүн 40% доллар менен тейленет.

Белгилей кетсек, ЕАЭБдин ичинде Россия менен болгон соода операцияларында рубль басымдуулук кылат. Ал эми башка өлкөлөр менен болгон өз ара соодалашууда доллардын үлушү мурункудай эле жогору. Анын ичинен 76% — Кыргызстандын, 82% — Казакстандын жана 58% — Белорусиянын