Россия Кыргызстанга кезектеги гуманитардык жардамын жиберди

21 января 2021, 12:50

2021-жылдын 15-январында Россия Кыргызстанга COVID-19 коронавирус инфекциясына лабораториялык диагностикалардын изилдөөлөрүн жүргүзүүгө 20 миң реагенттерди Россиядагы Кргызстандын элчилигине тапшырган.

Ошол эле күнү гуманитардык жүк Кыргызстанга жеткирилген.

Бул реагенттер Саламаттык сактоо министрлигинин оорулардын алдын алуу департаменти жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна жиберилет.