Россия Кыргызстанга кайтарымсыз негизде 20 млн доллар өлчөмүндө жардам көрсөтөт
Россия Кыргызстанга кайтарымсыз негизде 20 млн доллар өлчөмүндө жардам көрсөтөт. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Россиянын өкмөтү бюджеттик кызматкерлердин эмгек акысын, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө пенсия жана жөлөк пулду, ошондой эле саламаттык сактоо тутумун каржылоого Кыргызстанга кайтарымсыз негизде 20 млн доллар бөлөт.
«Келишимдин долбоору кыргыз тараптан жактырылган жана жакынкы аралыкта кол коюлат», - деп айтылат маалыматта.