Кыргызстан реформа өткөрүү үчүн Россиядан экономикалык жардам сурайт

23 октября 2020, 14:30

Бир күн мурун Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Реформаларды жүргүзүү максатында экономикалык жардам көрсөтүү, COVID-19 коронавируска каршы күрөшүүдө жигердүү өз ара аракеттенүүнү улантуу, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы аба каттамын толук калыбына келтирүү, кызматтардын, капиталдын, товарлардын жана жумушчу күчүнүн эркин кыймылы талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Россия тарап жогоруда айтылган маселелерди стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык духунда чечүүдө жардам көрсөтүү маанилүү экендигин белгиледи.

Маектешкендер кыргыз-орус парламенттер аралык кызматташтыгынын жогорку деңгээлин белгилеп, парламенттик дипломатиянын инструменттерин колдонууну күчөтүү боюнча чараларды көрүү зарылдыгы жөнүндө бирдиктүү пикирге келишкенин кошумчалайбыз.