Саат 10:00 карата 236.9 миң шайлоочу добуш берди
Саат 10:00 карата Кыргызстан жана чет мамлекеттерде 236 миң 931 адам — шайлоочулардын 6.72% добуш берүүгө катышты. Бул тууралуу БШКнын жетекчиси Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Анын ичинен:
- Бишкектен — 33 миң 405;
- Оштон — 14 миң 898;
- Жалал-Абад облусунан — 47 миң 635;
- Ысык-Көл облусунан — 16 мин 136;
- Нарын облусунан — 10 миң 843;
- Ош облусунан — 48 миң 918.
Андан сырткары, ден-соолугуна байланыштуу, шайлоо участогуна бара албаган жарандар өз добуштарын 3-октябрь күнү өз үйлөрүндө беришкен.
«Үйдөн добуш берген шайлоочулардын саны 29 миң 320га жеткен. Жыйынтыгында 24 миң 472 шайлоочу (83.5%) добуш берди», — деп айтты Шайлдабекова.