Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Токиого барды

17 ноября 2023, 09:33

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Токиого барды.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаровду Жапониянын тышкы иштер боюнча мамлекеттик министри Киото Цудзи жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Белгилеп кетсек, иш сапарынын алкагында мамлекет башчы император Нарухито, Жапониянын премьер-министри Фумио Кишида, парламенттин төрагасы Фукуширо Нукага, парламенттин депутаттары, ошондой эле ROTOBO жапон бизнесинин ассоциациясы, JATA - Япониянын туроператорлор ассоциациясы, JBIC - Япониянын Эксим банкы, JETRO - Япониянын тышкы сооданы өнүктүрүү ассоциациясы, JICA - Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги жана башкалар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.