Саламаттык сактоо министри коронавирус илдетине чалдыкты
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирус менен ооруп калды. Бул маалыматты "Акчабарга" ал өзү тастыктады.
Маалым болгондой, ал үч күндөн бери ооруп жатат.
Бейшеналиев суроого жооп берип жатып, ден-соолугу жакшы экендигин жана эки күндөн бери уу коргошун менен дарыланып жаткандыгын айтты.