Саламаттык сактоо министрлиги мамлекеттин бюджетине 1 млн доллардан ашык зыян келтирген

28 декабря 2020, 11:30

Башкы прокуратура Саламаттык сактоо министрлиги 1 миллиондон ашык АКШ долларына мамлекет үчүн пайдасыз келишим түзгөндүгүн аныктады, - деп билдирет прокуратуранын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура тарабынан Саламаттык сактоо министрлигинде текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен министрликтин айрым кызмат адамдары өз кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 2014-2019-жылдарга карата аудит жүргүзүү боюнча консультациялык кызматтарды сатып алууда, тийиштүү мониторинг жүргүзбөстөн ага негизсиз жогору сумманы пландаштырып, өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгында «D.&T.» ЖЧКсы менен билип туруп мамлекет үчүн пайдасыз 1 060 730 АКШ долларына контракт түзүп, анын негизинде аталган ЖЧКга 63 млн 804 миң 432 сом которулуп, натыйжада мамлекетке өзгөчө ири өлчөмүндө зыян келтирилген.

2020-жылдын 5-декабрында Башкы прокуратура тарабынан жогорудагы факты Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу»), 322-беренесинин («Билип туруп пайдасыз контракт түзүү») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүү жагы тийиштүү тергөө органдарына тапшырылган.