Саламаттык сактоо министрлиги 20 млн сомго коргоочу костюмдарды сатып алат

10 августа 2020, 10:06

Саламаттык сактоо министрлиги дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар сайтында жарыяланды.

28 лоттун жалпы баасы 44 миллион 46,8 миң сомду түзөт. Каражаттын көпчүлүгү, же 20 миллион сом, бөлүм тарабынан 20 миң сомдук коргоочу костюмдарды сатып алууга бөлүнөт.