Саламаттык сактоо министрлиги санариптин алкагында 10 млн сом үнөмдөйт

27 декабря 2023, 11:20

Саламаттык сактоо министрлиги санариптик трансформациянын алкагында ведомстволук кагаз түрүндөгү отчеттордон толугу менен баш тартып, маалыматтарды чогултуу жана иштетүү үчүн санариптик платформага өтүү чечимин кабыл алды.

Ведомстводон билдиришкендей, бул демилге маалыматты чогултуу жана талдоо процесстерин оптималдаштырууга, ошондой эле ресурстарды үнөмдөөгө багытталган.

Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, санариптик отчеттуулукка өтүү мекемеге жыл сайын болжол менен 10 млн сом үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.