Саламаттык сактоо тармагында чыгашанын көлөмү эки эсеге өсөөрү кабарланды

24 февраля 2021, 09:15

Үстүбүздөгү жылдын республикалык бюджетинин каржы активдери менен бирге жалпы чыгашасы 194 млрд 283.6 млн сомду түздү. Бул тууралуу Кыргызстандын финансы министрлиги маалымдады.

Каражаттын басымдуу бөлүгүн же 144.2 млрд сомду — бюджеттик каражаттар, 11.4 млрд сом — атайын эсептеги каражаттар жана 38.7 млрд сом — мамлекеттик инвестициялар түздү.

Саламаттык сактоо тармагына болгон чыгашанын көлөмү эки эсеге (78.2%) жогорулайт, ал эми социалдык коргоого болгон чыгым тескерисинче кыскартылды. Чыгымдын көлөмү 2020-жылга салыштырмалуу -4% төмөндөтүлгөн. Ошол эле учурда жалпы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү тейлөө үчүн бөлүнгөн суммалардын көлөмүнүн туруктуу өсүп жатканы байкалууда.