«Салык чек» лотереясынын жеңүүчүлөрүнө электромобилдер тапшырылды

22 ноября 2023, 17:31

Бүгүн Бишкекте "Салык чек" лотереясынын жеңүүчүлөрүнө кезектеги байгелерди тапшыруу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9 электромобиль жана чет өлкөгө эки жолдомо тапшырылды.

Белгилеп кетсек, лотереянын экинчи этабы 30-декабрда ойнотулат.

"Быйыл мындай лотерея экинчи жыл ойнотулууда. Быйылкынын биринчи этабы июнь айында уюштурулган. Ошондогу жеңүүчүлөрдүн байгелери тапшырылууда".

Салык чек лотореясынын максаты салык төлөөчүлөрдү көмүскөдөн чыгаруу, соодагерлерде да, кардарларда да чек колдонуу маданиятын калыптандыруу, бюджетке салык төлөмдөрүн көбөйтүү экени маалымдалган.