Салык кызматы: 10 айда 200 млрд сомдой салык түштү

2 ноября 2023, 10:35

Мамлекеттик салык кызматы быйыл он айда 199 млрд сомдон ашык чогулткан. Бул тууралуу Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов билдирди.

Анын 148 млрд сому салыктар менен төлөмдөргө, 51,9 млрд сому камсыздандыруу төгүмдөрүнө туура келет.

Белгиленгендей, белгиленген план 2,9 млрд сомго ашык аткарылып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 34,1 млрд сомго көп чогултулган.