Салык кызматы 116 номери боюнча колл-борбор ачат

21 сентября 2020, 14:30

Мамлекеттик салык кызматы 116 кыска номери боюнча колл-борбор ачат. Тиешелүү токтомго премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду.

Документте айтылгандай, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик байланыш агенттиги Мамлекеттик салык кызматынын маалымат борборунун иштөөсү үчүн «116» телефон номерин бөлүп берсин.