Салык кызматы финансы полициясы койгон айыпты негизсиз деп билдирди

28 октября 2020, 08:00

Бир катар массалык маалымат каражаттарына жарыяланган Финансы полициясынын «Салык кызматынын кызмат адамдары алтын өндүрүүчү компания менен коррупциялык схемага аралашкандыгы жөнүндө» билдирүүсүн Мамлекеттик салык кызматы чындыкка дал келбегендигин жана эч кандай юридикалык негиздерге ээ эмес экендигин билдирди.

Салык кызматынын 2018-жылы «К.Г.К.» ЖАК алтын казып алуучу компаниясына карата жүргүзгөн бардык иш-аракеттери мыйзамдын чегинде гана ишке ашырылган.

«Ведомство Салык кодексинин 54-беренесине (салыктык сыр) ылайык айыптоого себеп болгон маалыматтарды коомго ачык жооп катары берүүгө укугу жок экендигин билдирет. Ошол эле учурда Салык кызматы тергөө иш-чараларынын алкагында зарыл болгон бардык материалдарды Финансы полициясына берерин белгилейт», - деп жазылат маалыматта.