Салык кызматы: Лотереянын II этабынын 21 жеңүүчүсүнүн утуштары жоюлду

7 февраля 2024, 16:10

2023-жылдын 25-30-декабрында өткөн “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын экинчи этабынын жыйынтыгы боюнча 21 катышуучу лотереянын талаптарын бузгандыгы аныкталып, утуштары жоюлду. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Катышуучулар кызматкер катары катталган уюмдун контролдук-кассалык чектерин сканерден өткөргөн. Тизмени бул шилтемеден окууга болот.

Белгилеп кетсек, жалпы 1244 баалуу байгенин жеңүүчүлөрү аныкталган.

Салык кызматы жакында байгелерди тапшырууну баштайт. Байгелерди алуу акысыз.