Салык кызматы чек арадагы кезектеги мыйзам бузууну аныкташкан

14 февраля 2020, 16:30

«Ак-Тилек» контролдук-өткөрмө пунктунан, салык кызматкерлери 397 миң сом суммасында оюнчуктар, 3,4 млн сомдук килем буюмдарын, 1,2 млн сомдук кондитер азыктарын, 4,3 млн сомдук газбетон буюмдарын өндүрүү үчүн автоматташтырылган линияны мыйзамсыз алып бара жаткан унааларды аныкташкан. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Импорттоочуларда товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жана коштомо кагазы жок болгон.

Мыйзам бузуу материалдары мобилдик топко (ЭККМК) андан аркы иш-чараларды өткөрүү үчүн өткөрүлүп берилди.