Салык кызматы отчет бербеген салык төлөөчүлөрдү мажбурлап жоюуга дээрлик 1500 ишти сотко берди

9 марта 2022, 11:40

Мамлекеттик салык кызматы үч айдын аралыгында салык отчетун бербеген салык төлөөчүлөрдү издөө жана кыскартуу боюнча белгилүү бир иштерди жүргүздү.

Алсак, 2021-жылдын декабрында, 2022-жылдын январь-февралында салык органдары тарабынан салык отчетторун бербеген ишкер субъекттерди мажбурлап жоюу үчүн сотко 1 миң 471 доо арызы берилген. Алардын ичинен 783 юридикалык жак жана 688 жеке ишкер. Сот тарабынан 284 иш каралды.

Азыркы учурда сотко өткөрүп берүү үчүн 5 миң 576 салык төлөөчүгө карата материалдар даярдалып жатат.

Мындан тышкары, Салык кызматы патенттин негизинде иш жүргүзгөн жана 3 жылдан ашык патент албаган 9381 жеке жактын каттоосун жокко чыгарды.

Мамлекеттик салык кызматы отчет бербеген же патент албаган субъекттерди кыскартуу боюнча ишти улантат.