Салык кызматы: Уюмдар 1-апрелден тартып салык отчетун электрондук түрдө берүүгө милдеттүү

10 марта 2021, 12:45

Уюмдар 2021-жылдын 1-апрелинен тартып салык отчетун Salyk.kg «жеке кабинети» аркылуу электрондук түрдө милдеттүү берүүгө өтүшөт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Мындан улам Мамлекеттик салык кызматы уюмдарды Salyk.kg «жеке кабинетине» кирүү мүмкүнчүлүгүн акыркы күнгө калтырбастан алдын ала алууга чакырат.

Бул үчүн Salyk.kg сайтында Маалымат системасына кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү/калыбына келтирүү жөнүндө арыздын бланкын толтуруп, басып чыгарып, катталган жери боюнча салык органына берүүсү жетиштүү.

«Жеке кабинетке» кирүүгө мүмкүнчүлүк алуу менен отчет берүүгө, ошондой эле башка салыктык онлайн кызматтардан акысыз пайдаланууга болот.

Кененирээк маалыматты www.sti.gov.kg сайтынан же 116 номери аркылуу алууга болот.