Салык кызматы жеринде текшерүүнү токтотот

27 декабря 2023, 14:40

Салык кызматы келерки жылдан тарта жеринде текшерүүнү токтотот.

Мекеменин жетекчиси Алтынбек Абдувапов билдиргендей, мындай эреже салык органдарына гана эмес, укук коргоочуларга да тиешелүү.

"Бардык жерде мораторий болот. Текшерүү кылмыш иши болгондо гана жүргүзүлөт. Учурда бардык маалыматтар электрондук форматта, анын ичинде ККМ боюнча да маалыматтар секунд сайын келип турат", - деди Абдувапов.