Салык кызматынын беш инспектору коррупцияга шектелип кармалды

24 апреля 2024, 17:20

Мамлекеттик салык кызматынын беш инспектору системалуу коррупция боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту "Адамдардын тобу тарабынан пара алуу” боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи май району боюнча башкармалыгынын кызмат адамдары Б.у.Н., Т.С.К., Т.Р., Д.М.К. жана А.А.К. кармалды.

“Кызматкерлер байкоо камералары жок атайын бөлүнгөн жерлерде салык салуунун тигил же бул маселелерин тездеткендиги жана чечкендиги үчүн ишкерлерден системалуу түрдө акча каражаттарын чогултушкан”, - деп айтылат маалыматта.

Жүргүзүлгөн атайын тергөө аракеттеринин жыйынтыгы боюнча ишкердик субъекттеринен акча каражаттарын алуунун көптөгөн фактылары документтештирилген.

Биринчи май райондук мамлекеттик салык кызматынын административдик имаратында тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында Мамлекеттик салык кызматынын 5 инспектору Б.у.Н., Т.С.К., Т.Р., Д.М.К. жана А.А.К кармалып, Бишкек шаардык ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда аталган коррупциялык схемага тиешеси бар Мамлекеттик салык кызматынын башка кызматкерлерин аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.