Самат Исабеков кайрадан Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды

21 января 2022, 10:34

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун буйругу менен Самат Исабеков кайрадан Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жаңы жетекчини эмгек жамаатына тааныштырды.

Кожошев белгилегендей, Мамлекеттик бажы кызматынын жаңы жетекчисине чоң жоопкерчилик көрсөтүлүүдө, аны актоо зарыл.