Samsung телефондордун кубаттоочу жабдыктарын чыгарууну токтотушу мүмкүн

13 июля 2020, 14:50

Түштүк кореялык Samsung бренди 2021-жылдан тарта жаңы смартфондордун комплектациясынан кубаттоочу жабдыктарын алууну кароодо. Бул тууралуу ETNews порталы кабарлады.

Ишкана бул кадамын колдонуучуларда мурунку уюлдук аппараттардын кубаттандыргычтары бар болуп, жаңыларын чыгарууну токтотуу экологиянын булгануусун азайтып, чыгымдарды дагы кыскарта тургандыгы менен түшүндүрүүдө.

Ошондой эле, кубаттандыргычтардын өндүрүүдөн баш тартуу кубаттоочу девайстарды кыскартат деп айтылууда. Аны көпчүлүк адамдар колдонбостон, жөн гана ыргытып жиберет.

Эске сала кетсек, кубаттандыргычтардан алгачкылардан болуп Apple ишканасы баш тарткан.