Samsung компаниясы Bot Handy үй роботун көргөздү

12 января 2021, 17:30

Түштүк Кореялык Samsung компаниясы Bot Handy үй роботун Consumer Electronics Show көргөзмөсүндө тааныштырды.

Bot Handy роботу үй жыйнай алат, идиш-аяктарды атайын жуучу машинага сала алат, дасторкондун үстүн даярдап, бөтөлкөдөн идишке суусундуктарды куя алат.

Андан сырткары, робот искусстволук интеллект аркылуу адамдын жүздөрүн тааный алат. Бирок, бул долбоордун ишке ашуу мөөнөтү тууралуу азырынча так маалымат жок.