Санариптик өнүктүрүү министринин эки орун басары кызматтан алынды

23 марта 2022, 13:10

Санариптик өнүктүрүү министринин эки орун басары кызматтан алынды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Айнура Туйбаева менен Медербек Курманбековду министрдин орун басарлыгынан бошотуу боюнча документке министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.