Ош: санитардык талаптарды бузган объекттерге 2 млн сом айып салынды

30 сентября 2020, 11:35

Ош облусунда санитардык талаптарды бузган объекттерге дээрлик 2 млн сом айыппул салынды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Өкүлүлүктөн маалымдашкандай, республикалык штаб тарабынан бекитилген комплекстүү иш-чаралардын алкагында облус аймагында коомдук жайларга рейддер жүргүзүлгөн.

«Өткөн жумада жалпы облус боюнча 10 миң 509 объект текшерилип, 3 миң 847 санитардык көрсөтмө берилди. Санитардык талаптарды аткарбагандарга 1 млн 936,5 миң сом айыппул салынды. Мындай рейддер башка райондордо да улантылат», - деп билдирет өкүлчүлүк.