11 июлга карата саанитардык патруль бизнеске 1.1 млн сомго айып салды

13 июля 2020, 12:10

Өткөн түнү санитардык патруль 65 уюмду текшерип, «Олимп» оюн-зоок клубуна 3 миң сом айып салган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан кабарлашты.

Маалыматта белгиленгендей, 11 июлга карата 247 протокол түзүлүп, айыптардын көлөмү 1 млн 121 миң сомго жеткен. Бузуучулардын арасында негизинен коомдук тамактануу жайлары, барлар, түнкү клубдар, супермаркеттер, футбол аянтчалары жана ою-зоок клубдары бар.

Санитардык рейддер күнүнө саат 20.00дөн кийин жүргүзүлөт.

«Урматтуу шаар тургундары, ишкерлер жана уюмдар! Суранабыз! Санитардын талаптарды аткарыңыздар – бул вирус менен күрөшүүнүн жалгыз жолу! Өзүңүздөрдү жана кардарларыңызды коргоңуздар!» - деп чакырат мэрия.