Сасык тумоого чалдыккандардын саны өсүүдө

24 ноября 2023, 12:00

Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекцияга чалдыккандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Соңку маалыматка ылайык, республика боюнча илдеттин 4 миң 665 учуру катталды. Алардын 64,2 пайызы 14 жашка чейинки балдар.

Өлкөдө эпидемиологиялык абалга мониторинг жүргүзүү уланууда.