Сатарова «Бакай Банктын» жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

5 апреля 2022, 13:07

Кечээ, 4-апрелден тартып Нургүл Сатарова «Бакай Банк» ААКтын Башкармасынын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу маалымат Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жарыяланды.

Мындай чечим директорлор кеңеши тарабынан кабыл алынды.

Буга чейин банктын Башкармасынын төрайымы Оксана Соломконун берген арызына ылайык, анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган.