«Семетей» госпиталы жабылды

14 августа 2020, 09:40

«Семетей» госпиталы жабылды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Штабдан билдиришкендей, бүгүн «Семетей» госпиталынан коронавирус менен ооруган акыркы 8 бейтап сакайып чыккан.

Жалпысынан стационар 47 күн иштеген. Ал аралыкта стационарда 1 миң 500 бейтап, анын ичинен 300гө жакыны реанимацияда дарыланган.

«Белгилей кетсек, учурда күз-кыш мезгилдерине, экинчи толкунга даярдык көрүү иштери улантылып жатат. Бул убакыттын ичинде шарттарды жакшыртып, көйгөйлөрдү чечүү жана лаборатория түзүү пландалууда», - деп билдирет штаб.