Шайлоо башталгандан бери бир нече участокто эсептөө кутулары бузулду

4 октября 2020, 11:25

Шайлоо башталгандан бери автоматтык эсептөө кутулары жана биометрикалык маалыматтарды окуган жабдыктар бузулган бир нече учур катталды.Бул тууралуу маалымат жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, учурда ал мүчүлүштүктөр жоюлду.

«Учурда бардык техникалык каражаттар иштеп жатат. Участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү штаттык тартипте иштеп жатат», - деди ал.

Кыргызстанда бүгүн саат 08:000дө парламенттик шайлоо башталды. Парламенттик шайлоого карата жалпы 2 миң 475 шайлоо тилкеси даярдалып, анын ичинде чет мамлекеттерде 45 шайлоо тилкеси ачылган.

Шайлоого 16 саясий партия катышууда.