Шайлоодо 3,5 млн жаран добуш бере алат

2 октября 2020, 17:30

Кыргызстанда 18 жаштан өткөн 4 081 410 жарандын 557 856сы 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо добуш бере албайт. Алар биометрикалык каттоодон өтпөгөндүктан шайлоочулардын тизмесине киргизилген жок. Бул тууралуу 2-октябрдагы басма сөз жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Шайлоодо 3 523 554 жаран добуш бере алат.

4-октябрдагы парламенттик шайлоого 16 партия ат салышууда. Үгүт иштери бүгүн, 2-октябрда түн жарымда токтотулат. Добуш берүү үчүн 2475 участка даярдалды, анын 45и чет мамлекеттерде.