Алгачкы ирет шайлоого катышып жаткандарга Конституция белекке берилип жатат

4 октября 2020, 15:10

Быйылкы парламенттик шайлоодо лок жаран алгачкы ирет шайлоого катышып жатат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, алар 18 жашка толуп, алгачкы ирет шайлоого катышып жаткан жарандар.

«Алгачкы ирет шайлоого катышып жаткан жарандарга шайлоо тилкелеринде Кыргызстандын Конституция белекке берилип жатат. Алар үчүн ушундай чакан белек даярдалды», - деди ал.