Шевченко Чукагян менен болгон беттеши үчүн 270 миң доллар гонорар алат

10 февраля 2020, 10:30

UFC 247 турниринде катышуучулардын гонорары белгилүү 270 миң долларга чейин барат.

9-февраль күнү Хьюстон шаарында UFC 247 турниринде кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко менен америкалык Кэтлин Чукагянды беттеши болду. Жыйынтыгында Валентина Шевченко үчүнчү раундда атаандашын техникалык нокаут менен жеңип алды.

Валентина Шевченко муну менен чемпиондук курун үчүнчү жолу коргой алды. Валентина бул беттеши үчүн 270 миң доллар гонорар алат.