Швейцария Бишкек жана Оштогу жаңы конуштарда жашаган 6 миң жаранга жардам берет

13 ноября 2020, 12:05

Швейцария Бишкек жана Ош шаарларындагы жаңы конуштарда жашаган 6 миң жаранга жардам катары 5 млн сом бөлүп берди. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын сайтында маалымдалат.

Жардам COVID-19 пандемиясынын кесепетинен жабыр тарткандарга көрсөтүлөт. Дүйнөлүк банктан белгилеп кетишкендей, Швейцариянын колдоосу аркылуу дээрлик 600 адам үй-бүлөлүк медицина борборлорунан каттоодон өтүп, медициналык кызматтарды ала алышты.

«Андан сырткары, пандемиянын биринчи толкунунда аз камсыз болгон 6 миң үй-бүлө тамак-аш азыктар жана жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз болушкан», — деп белгилешкен Дүйнөлүк банктан.