Швейцария менен ЮНФПА КР медкызматкерлерине ИКК берди
Швейцариянын өкмөтү БУУнун Кыргызстандагы Калкты жайгаштыруу тармагындагы фонду (ЮНФПА) менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине индивидуалдык коргонуу каражаттарын өткөрүп берди – бул 15 миллион сом өлчөмүндөгү колдоо. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, ИКК Чүй, Нарын жана Ош облустарындагы мобилдик медициналык бригадаларын камсыздоого жумшалат.
Гуманитардык жардам катары төмөнкү каражаттар келди:
- Нитрилден жасалган кол каптар – 100 коробка;
- Индивидуалдык халаттар – 3 миң 800;
- Комбинезондор – 3 800;
- Респиратордук бет каптар – (FFP2) – 3 миң 700;
- Хирургиялык бет каптар – 5 миң;
- Панорамалык көз айнектер – 3 миң 800;
- Бет үчүн коргонуу каптары – 3миң 800.