«Скай Мобайл» компаниясы бюджетке 100 млн сомдон ашык салык төлөбөй жүргөн

1 марта 2021, 14:30

«Скай Мобайл» компаниясы мамлекетке келтирген зыяндын 112,1 миллион сомун бюджетке кайтарды. Бул тууралуу Финансы полициясынан кабарлашты.

Маалыматта аталган компания салык төлөөдөн качканы аныкталып, 2019-жылдын ноябрында Жазык кодексинин 232-беренесинин 2-бөлүгү менен сотко чейинки өндүрүш ачылган. Мунун алкагында Финпол «Скай Мобайл» ЖЧКсына текшерүү жүргүзүп, натыйжада компания кирешесин жашырып өзгөчө ири суммадагы салык төлөбөй койгонун ачыкка чыгарган.

«Үстүбүздөгү жылдын 11-февралында тергөөнүн жүрүшүндө аталган компания мамлекеттик бюджетке келтирген 112 миллион 103 миң 243 сомдук зыяндын ордун толтурду», — деп айтылат маалыматта.

Азыркы тапта Финпол тарабынан экономикалык коопсуздукту камсыздоо жана зыяндын ордун толтуруу иштери улантылып жатканы белгиленет.

Эске сала кетсек, «Скай Мобайл» өлкөдөгү Beeline уюлдук байланыш кызматын иштетет.