Соцфонд курагы боюнча пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон документтердин тизмесин жарыялады

28 марта 2022, 14:00

Социалдк фонд курагы боюнча пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон документтердин тизмесин жарыялады. Маалыматка ылайык, пенсия чегерүүдө төмөнкүлөр талап кылынат:

1) - паспорт

  • качкын расмий статусу бар чет өлкөлүк жарандарга - качкын күбөлүгү;
  • жашап туруу укугу бар чет өлкөлүк жарандарга – ички ичтер органдарынан берилген жашап туруу укугу (вид на жительство)

2) эмгек китепчеси

3) 1996-жылга чейин катары менен 60 ай үчүн айлык акы тууралуу маалымкат

Эскертүү: Арыздануучунун камсыздандыруу стажын тастыктоочу - окугандыгы же аскер өтөгөндүгү тууралуу иш кагаздары бар болсо окуу жайын аяктагандыгы тууралуу диплом, аялдар үчүн – балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн тапшырса болот.

Ал эми аты аталган иш кагаздар жок болгон же болбосо тапшырууга мүмкүн болбогон учурда, арыздын бланкына окугандыгы, аскер өтөгөн мезгили тууралуу маалыматты жазуу керек.