Соцфонд жыл башынан бери 17 миң 608 жаранга пенсия чектеди

14 апреля 2022, 12:15

Кыргызстанда 2022-жылдын январь-март айларында 17 миң 608 жаранга пенсия дайындалып чектелди жана кайра эсептелинди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, март айында эле 4 миң 14 жаран пенсияга чыкты.

Андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1 миң 9 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.