Социалдык фонд ЕАЭБдин 58 жаранына пенсия дайындады

26 января 2024, 14:50

Кыргызстандын Социалдык фонду ЕАЭБдин 58 жаранына пенсия дайындады.

Ведомство 2021-жылдын 1-январынан тарта Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдө эмгектенгендерди пенсия менен камсыз кылуу келишими күчүнө киргенин эскертет.

Документке ылайык, жумушчулар - ЕАЭБдин башка мамлекетинин аймагында иштеген же башка ишмердүүлүк менен байланыштуу пенсиялык укугу бар же болгон Кыргызстан, Казакстан, Россия, Армения жана Беларустун жарандары саналат.