Социалдык фонд пенсия жогорулатууга төрт млрд сом багыттайт

29 сентября 2023, 10:30

Социалдык фонд 1-октябрдан тарта пенсияны жогорулатууга төрт миллиард сом багыттайт.

Президент жарлыгына ылайык, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 38 пайызга, бирок 500 сомдон кем эмес суммага көбөйтүлөт.

Муну менен алдыдагы индексациянын жыйынтыгында өлкөдө орточо пенсия 9 миң 354 сомду түзүп калат. Бул азыркы орточо пенсияга салыштырмалуу 1 миң 692 сомго көп.